Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Бишкекте токтоп турган унаадан ири суммадагы акча салынган баштык уурдалды (видео)

Turmush -  Бишкек шаарындагы И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан №64 бала бакчанын имаратынын жанында токтоп турган унаадан белгисиз адам ири суммадагы акча жана документтер салынган баштыкты (борсетка) уурдап кетти. Окуя 7-март күнү эртең менен болгонун жабырлануучу аял «Репортерго» билдирген.

«Ленин РИИБге ошол эле күнү арыз жазгам. Алар аталган адам изделип жатканын, бирок азырынча жыйынтык жок экенин айтышты. Коомчулуктан баштыкты уурдап кеткен адамды табууга жардам берүүнү суранабыз», - деп жазды жабырлануучу.

Кийинчерээк АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБден баштыктын ичинде 800 АКШ доллары жана 25 миң сом болгонун билдиришти.

Аталган факты Ленин РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берененин (уурулук) жана 348-берененин (документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу) негизинде кылмыш иш козголду. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

На ул.Ахунбаева в Бишкеке мужчина вытащил из машины барсетку с крупной суммой денег (видео)


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 23111
Көп окулду
×