Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баткен облусу, Баткен 13.03.2018 13:01

Баткенде «Көңүл бургула балдар» аталышындагы рейд өткөрүлдү

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта Баткен шаарында «Көңүл бургула балдар» аталышындагы рейд өткөрүлдү.

Маалым болгондой, рейд Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Рейддин максаты — жаш балдарды жол кырсыктарынан сактоо.

Жыл башынан бери Баткен облусунда жалпысынан 19 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. 28 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×