Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

110 жаштагы апамдын жанында өзүмдү жаш сезем, - 80 жаштагы Касиет Жунусова (фото)

Turmush -  Баткендин Пум айылынын кылым карыткан тургуну Тажи апа 1 уул, 2 кыз, 21 небере, 73 чөбөрө жана 7 кыбыранын энеси болду. Ата-энесинен эрте ажыраган Тажи апа эжесинин колунда өскөн. Анын тапканын татып, кешигин жеп жүргөнүм үчүн узак жашап жатсам керек деп божомолдойт.

«Бир уул, эки кызды тарбиялап өстүрдүм. Жаш кезимде кыйын күндөрдү баштан кечирдим. Басмачылар келгенде бир туугандарымдан, атамдан ажырадым. Кийин апамдан айрылдым. Андан кийин "Мама" (эжеси) энемдин колунда калдым. Кой кайтарса да, деги эле кайда барса артында жүрүп чоңойдум. Ачкачылык, жокчулукту, согушту көрдүк.

18 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум үйлөнгөндөн кийин аскерге кетип, биз талаада иштедик. Балдарымды кайын эжеме таштап, талаада эмгектенчүмүн. Азыр ал кыйын кезди эстебейм. Жараткан узун жашты берди, ага ыраазымын. Эми небере-чөбөрө жыттап отурам», - деди кылым карыткан Тажи апа.

Т.Абдураимованын неберелеринин улуусу учурда 60 жашка жакындап калды. Кызы Касиет Жунусова 80 жашка таяп, апасы менен бактылуу карылыктын доорун сүрүүдө.

«Апам көптү үйрөттү. Анын колунан көп иш келчү. Килем согуп, жүн тытып, оймо түшүрүп, тамактын түрүн жасачу. Азыр кулагы жакшы угат, көзү да көрөт, бирок жакшы эмес. Бирөөнүн жардамы менен басат. Мен дагы бир топ жашка барып калдым, бирок апамдын жанында өзүмдү жаш сезем», - деди Касиет Жунусова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2817
Көп окулду
×