Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 10.03.2018 11:51

Лейлектин Самат айылында сайга кулаган унаа жолду тосуп калып, убактылуу жол салышты (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Самат айылында 8-мартка караган түнү жүрүп бара жаткан оор жүк ташуучу унаа сайга кулап, маңдай жагы жолду тосуп калган. Окуядан кийин Лейлек райондук жол тейлөө башкармалыгы атайын техниканын жардамы менен сайдын ичинен башка унаалар үчүн убактылуу жол салды.

Кырсыктан адамдар жабыркаган жок.

«Түнү менен жааган жамгырдан улам топурак ылайга айланып, убактылуу жолдон өткөн унаалардын дөңгөлөктөрү ылайга тыгылып жатты. Автоунаалар каттаган жол мурда да сел өтүүчү сай болгон. Былтыр жаздагы чоң сел көпүрөнү да бузуп кеткен эле. Ошондон бери көпүрө курула элек», - деди жашоочулардын бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×