Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 08.03.2018 15:08 На русском

Фото — Кызыл-Кыяда эң сулуу кыз аныкталды

Turmush -  Кечээ, 7-мартта Кызыл-Кыя шаарынын Кызыл-Кыя колледжинде кыздардын сулуулук сынагы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, сынакка катышкан 10 кыз өздөрүн тааныштырып, ыр-бийлерди аткарып, ашканадагы чеберчиликтерин жана мода көргөзүшүп, калыстар тобу берген суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында башталгыч класстарды окутуу адистигинин 2-курсунун студенти Аматжан кызы Эркеайым 1-орунду ээледи. «1-вице мисс» наамына Миндайым Топчубаева, «2-вице мисс» наамына Акбермет Маматалиева татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө күмүштөн жасалган зергер буюмдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×