Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик мугалим үй-бүлөсү менен айына 150 миң сом тапкан тоок ферма иштетүүдө (фото)

Turmush -  Баткен районунун Ак-Сай айылындагы мугалим Айсалкын Абытова тоок фермасын ачып иштетүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бош убагында тоок фермасына келип, суу, жемдерин берип жумурткаларын жыйнап турат.

«Жумуртка алып базарга алып чыгып сатабыз. Үй-бүлөмө жумуш орундары болуп калды. Келиним, балам жолдошум болуп иштеп жатабыз. Тооктун турушу эле пайдалуу экен. Өзү эт болсо, жумурткасы да болот. Ал гана эмес, кыгы да пайдалуу. Дыйкандар жер семирткич деп сатып алып кетишет», - деди ал.

Буга чейин жолдошу экөө короосунда эле 500-600 тоокту карап жүрүшкөн. Бара-бара тооканасын ири фермага айландырууну чечишкен. Ал үчүн баласы долбоор жазып, 750 тоок алган. Бирок ферманы дагы кеңейтүүгө каражат жетишсиз болгондуктан кепилдик фондунан да 300 миң сом колдоо алып, жалпы 2,5 млн сомго тоок фермасын ачышкан. Учурда Абытова тоокторуна жем сууларын гана берип караганы болбосо, калган бардык жумуштарын анын уулу менен жолдошу аткарат. Фермада 2500 тоок бар, алардан күн сайын 1300 жумуртка алынып, 2 маалдан жем берилип турат. Тооктордогу оорунун алдын алуу үчүн 6 айда 1 жолу дарылап турушат. Тооктордун жеми үчүн айына 20 миң сом сарпталат. Суусун берүү үчүн атайын түтүкчөлөр коюлган.

«Тоокту азырынча атам экөөбүз карап жатабыз. Буйруса камера орнотулат. Анан дагы кошумча ферма ачып, 5 миң тоок кылсамбы деп жатам. Ошондо 1 же 2 адамды жумушка алам», - деди уулу Адилет Абдувалиев.

Алгач кыйынчылыктар менен иш баштаган үй-бүлө учурда айына 150 миң сомдун тегерегинде таза киреше табышат. Мугалим айым 1 уулу, 3 кыздын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2156
Көп окулду
×