Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 07.03.2018 17:23 На русском

Фото — 96 адамды өлүмдөн сактап калган учкучка гүлдесте беришти

Turmush -  1-мартта «Тез жет» авиакомпаниясынын Бишкек—Баткен каттамындагы учагын кыймылдаткычы бузулуп калганына карабай жерге кондурган учкуч Дмитрий Палашкин сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, учактагы жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактап калган учкучка Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова гүлдесте ыйгарды. Аталган учактын ичинде 96 адам болгон.

Окуя тууралуу:

1-мартта Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунда «Тез жет» (TezJet) компаниясынын Бишкек—Баткен маршрутундагы учагы авариялык абалдан улам жерге конууга мажбур болгон. Бул тууралуу АКИpress агенттигине «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирген.

Аталган учак Бишкектен учуп чыгып, бирок бир нече убактан кийин кайра кайтып келген. Учак «Манас» аэропортунан 1-мартта саат 14:22де учкан. Учкучтар диспетчерлерден учактын сол кыймылдаткычы бузулуп калгандыгына байланыштуу жерге конууну сурашкан.

«У самолета отказал левый двигатель» – Подробности аварийной посадки

«Учак саат 14:52де жерге кыйроосуз конду. 96 жүргүнчүнүн ичинен эч ким жабыркаган жок», - деп билдиришкен аэропорттон.

Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги аталган окуяны иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Tez Jet компаниясы окуя тууралуу билдирүү жасоодон баш тарткан болчу. Tez107 Бишкек—Баткен каттамы боюнча BAe (BritishAerospace) үлгүсүндөгү учактардын бири болгон Avro RJ8 учагы учкан. Аталган борт EX-27005 номуру менен катталган.

Өлкөнүн жарандык аба кемесинин тизмесине караганда, аталган учак 1997-жылы 4-апрелде чыгарылган.

FlightRadar24 порталынын маалыматына караганда, Avro RJ8 борту 27-февралда Алматага учуп, кайра келген.

flightradar

Ал эми, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Tez Jet («ТезЖет») компаниясынын негиздөөчүсү Аскаров Максим Аликович жана Дамин Карим Фиатович болсо, жетекчиси — Аскаров Алик Бакеевич. Компания 2013-жылдын 23-апрелинде катталган.

tezjet

Учактын ичиндеги ырчы эмнени билдирди?

Аталган учактын ичинде эстрада ырчылары Дайыр Исмадияров менен Аваз Акимов да болгон.

Д.Исмадияровдун айтымында, алар Баткенге гастролдоо үчүн жөнөшкөн.

«Биз Баткен жергесине гастролдук тур менен сапар алганбыз. 1-март күнү саат 11:15те Баткенге учмакпыз. Бирок туман болгондуктан саат 14:00 чамасында учтук. Менин телефонумдагы карта Кара-Балтада экенибизди көрсөткөн. Бир убакта катуу үн чыгып, дароо ызы-чуу башталды. Баары келме келтирип, ыйлаганы ыйлап, корктук. Жанымдагыларды коркутпайын деп ичимден корксом да сыртымдан өзүмдү кармадым. Стюардессалар техникалык себептерге байланыштуу кайрадан Бишкекке конууга туура келерин айтышты. Бирок толук маалымат берилген жок. Бул окуя кокустан болуп кетти. Кудайдан тиленип отуруп, аман-эсен түштүк. Андан кийин учактын кыймылдаткычы күйүп, жарылып кеткенин байкадык. Учак конгондо жалпы аэропорттун кызматкерлери, тез жардам унаалары келип жардам беришти. Ал эми, биз 2-3 саатта «Авиатрафик» компаниясынын каттамы менен Ошко учуп, андан кийин Баткенге келдик», - деген ырчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×