Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Кадамжайдагы жол кырсыктан 4 адам жабыркады

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районунда кечээ, 6-мартта жол-транспорт кырсыктан 4 адам жаракат алды.

Маалым болгондой, жабыр тарткан адамдар райондук ооруканага жеткирилди.

Алар:

- 1999-жылы туулган Ш.М. (эркек киши), Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну, баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган;

- 1992-жылы туулган А.А. (эркек киши), Кадамжай районунун Орозбеков айылынын тургуну, баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалып, кабыргасы сынган;

- 1976-жылы туулган М.Т. (эркек киши), Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну, баш сөөгүнөн, мээсинен жаракат алып, буту сынган;

- 1992-жылы туулган М.М. (эркек киши), Кадамжай районунун Таш-Дөбө айылынын тургуну, акыреги сынган,

Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, жол кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1147
Көп окулду
×