Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Баткендеги апаларга 8-мартка карата салтанат уюштурулду

Turmush -  Баткенде 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага баатыр энелер, ишкер айымдар, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, Мамлекеттик чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен 150 айым чакырылды. Алардын айрымдарына облус жетекчилигинин ардак баракчалары тапшырылды.

Майрам ээлерине А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын эмгек жамаатынын «Асылзаада айымдар» аттуу музыкалык-адабий концерти да тартууланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1163
Көп окулду
×