Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 06.03.2018 14:02

Лейлекте жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалар 15 жылдан бери токтоп турат

Turmush -  Лейлек районунда жүзүм жана башка жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалар 15 жылдан бери токтоп турат. Бул тууралуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Ош шаарында өткөн отурумда Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

«Биздин районубуздун дыйканчылык зонасында жайгашкан 2 ишкана бар. Бири жүзүмдү кайра иштетсе, экинчиси мөмө-жемиштерди кайра иштетет. Союз тарагандан кийин экономикалык байланыштар үзүлгөндүктөн аталган ишканалар каржылык жардамга муктаж. Биздин элдин тиктегени эле ушул ишканалар. Ишканалар кайрадан жанданса биздин элге да бир топ жакшы болмок», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×