Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Баткен

Айыл турмушу: Тажикстандык келиндер Баткенде күнүмдүк иштерди кылып, 500 сомдон табышат (фото)

Turmush -  Тажикстандын Исфара районунун тургундары Мунира менен Мухабат Баткенге келип, ар кандай жумуштарды жасоо менен каражат таап кетишет. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Өздөрүнүн айтымында, ар жылы март айынан октябрь айынын аягына чейин Кыргызстанга келип, күнүмдүк иштерде иштешет. Бул жолу Баткен шаарына жерге гүл отургузуу үчүн келишкен. Аткарган иштерине жараша 300 сомдон 500 сомго чейин акы алышат. Күн сайын Исфара—Баткен машруттук каттамы менен келишет.

«Кыргыз-тажик чек ара постторунда эч кандай тоскоолдуктар жок. Эртең менен келип, кечке чейин Мухабат экөөбүз иштеп акча таап кетебиз. Ал жакта жумуш жок болгондуктан бекер отурбай, ушинтип акча табабыз. Менин жолдошум Россияга жумуш издеп кеткен. Биздин турак жайыбыз 6 сотых. Эгин эккенге суу жок. Ал жерге эгин эксек айына 2 жолу суу ташуучу унаа менен сугарабыз. Суу ташуучу унаанын бир жолу келиши 500 сом турат. Ага акча төлөп, эгиндерибизди сугарабыз. Ошондуктан өзүбүздүн жумушубузду бүтүрүп, Кыргызстанга жумуш издеп келебиз», - деди Мухабат айым.

Мунира айымдын жолдошу мугалим. Экөөнүн 3 баласы бар. Мухабат айым 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1435
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×