Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 05.03.2018 11:21

Эл ичи — өнөр кенчи: Кадамжайлык Айгүл эрежесиз эр таймаш боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Кадамжай шаарынын 20 жаштагы тургуну Абдувахид кызы Айгүл эрежесиз эр таймаш, кикбокс, бокс, самбо, грэпплинг боюнча машыгып, мелдештерде ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы мушкер кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Баткен мамлекеттик университетинин дене тарбия бөлүмүндө 3-курста окуйт. Эр таймаш боюнча мелдештерге чыгуусуна ата-энеси каршы болгон эмес.

«Спортко болгон кызыгуум кичи кезимден эле башталган. Атам менен чогуу машыкчу элек. Эң биринчи жолу грэпплинг боюнча мелдешке чыгып, бут кийим утуп алгам. 2017-жылы Москва шаарында өткөн турнирде жеңишке жеттим. Ошол эле жылы эрежесиз эр таймаш боюнча Россиянын Волгоград шаарынын Татьяна аттуу чемпиону менен болгон беттеште жеңишке ээ болдум. Украинадагы мелдеште жеңишке жетишпей калып, ого бетер күчөп машыга баштадым. Кыргызстандын желегин желбиретип, эр таймаш боюнча чемпион болууну каалайм. Алдыда өзүмдүн фитнес-клубумду ачкым келет», - деди ал.

Мушкер кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×