Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Мамлекет апа элден алган эски буюмдарды базарда сатып, неберлерин окутууда (фото)

Turmush -  Баткен районунун Ак-Сай айылынын 60 жаштагы тургуну Мамлекет Исакова элден эски буюмдарды жыйнап, кайра базарга алып чыгып сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, эски идиштерди көбүнчө Тажикстандан алып келет.

«5-6 жылдан бери соодагерчилик кылам. Эски идиштерди, кийимдерди эл арасынан жыйнап алып, Баткен базарына алып чыгып сатам. Мисалы идиштер 50 сомдон сатылат. Көбүнчө чыны, чайнектер сатылат. Көпчүлүк кардарларым жашы өтүп калган адамдар. Кездеме, чапандарды метрине жараша сатам. Кээде күнүнө 2000 сомго чейин киреше табам. Тапкан акчам менен 2 неберемди окутуп жатам. Бирөөсү Бишкекте жогорку окуу жайда окуйт. Бири Баткендеги гимназия-мектебинде билим алууда», - деди ал.

Мамлекет апа 1 уул, 2 неберенин апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1714
Көп окулду
×