Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Баткен

Баткендин Как-Сай айылына электр энергия тартылбай, эл салып алган үйлөрүнө жашай албай жатат

Turmush -  Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Как-Сай аймагына үй салган тургундар электр энергиясы тартылбай жатканына нааразы.

Достук айылынын тургуну Зияда Жалилова мындан 10 жыл мурун Как-Сайга үй салган. Бирок чек арадагы конушта суу жана электр энергиясы жок болгондуктан ал жерде жашай албай келет.

Айниса Бостонованын айтымында, айылдагы куурап жаткан өрүк бактарга мурда Тажикстандын аймагынан суу келип турган. Бирок тажик тарап бакты кыргыз жарандарынан талашып, суу бербей койгон. Бирок ошого карабай бакты кыйдырбай сактап келет. Себеби бак кыйылса ал аймакты тажикстандыктар ээлеп алышы мүмкүн.

Андыктан бул аймакка электр энергиясын алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп, электр мамылар орнотула баштаган. Бирок мамылар тургузулган соң иш токтоп калган.

Достук айылынын тургуну Абдыразак Бостонов Как-Сайга электр энергиясы ушул жылы тартылат деп айтылып жатканын кошумчалады. Ал үчүн 6000 метр электр чубалгысы керек. Аны жергиликтүү бийлик быйылкы бюджеттин эсебине киргизген. Электр энергиясы баргандан соң куураган бак-дарактарга да насос аркылуу суу берилет.

Ал эми, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаевдин айтымында, Как-Сай айылы чек арага жакын жерде тургандыктан Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара тилкесинде 300 метрге чейинки аралыкта курулуш иштери жүрбөшү керек. Мындан улам Как-Сайда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктагандан кийин гана турак жай салууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 806
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×