Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Эл ичи — өнөр кенчи: Кызыл-кыядагы «Stud-life» командасы Тамашоуда ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 6 жыл мурун түзүлгөн «Stud-life» командасы Тамашоуда бир топ ийгиликтерди жаратууда.

Команданын мүчөсү Назир Маматсултан уулунун айтымында, команда Медер Сүйүновдун демилгеси менен куралган. Ал учурда бардыгы студент болгондуктан командага «Stud-life» (студенттердин жашоосу) деген аталыш беришкен. Анда Нурсултан Мамажанов, Медер Сүйүнов, Зарлык Авазбеков, Назирдин Маматсултан уулу, Кылан Кенжебаев, Кудайберди Сыдыков жана ди-джей Зарип Авазбек уулу ойнойт.

«Тамашоуга» катышууда башында өзүбүздү-өзүбүз каржылап жүргөнбүз. Жакындан бери Кызыл-Кыя шаарындагы борборлордун бири колдоо көрсөтүп жатат. Ушул жылы Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилиги да колдойбуз деп жатат. Бизди дайым колдогондор биздин күйөрмандарыбыз. Аларга чексиз ыраазыбыз», - деди ал.

Команда жакында өздөрүнүн концертин бергени жатат.

«Тамашоунун» Баткен филиалында 3- сезонунун чемпиону болдук. 9-сезонунун ачылышында «Эң мыкты команда» деп аталдык. 10-сезондун ачылышында «Эң мыкты тамаша» наамын алдык. Алдыда 10-сезондун чемпиону болгубуз келет. 6-март күнү өзүбүз концерт берүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1477
Көп окулду
×