Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Баткен облусу, Айдаркен 27.02.2018 13:13

Айдаркен шаарынын айрым тургундары нааразычылык акциясына чогулушту

Turmush -  Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын айрым тургундары «Айдаркен коммунальщик» ААКтын жетекчиси Гүлшан Ильязованын кызматынан кетүүсүнө жана ишкананын акциясы мэрияга өтүүсүнө каршы пикир менен нааразычылык акциясына чыгышты.

Алардын айтымында, «Айдаркен коммунальщик» ААКтын 95% акциясы Айдаркен шаардык мэриясынын балансына өткөнүнө нааразы. Аталган ишкана СССР убагында «Айдаркен» сымап комбинатына таандык болсо, СССР тарагандан кийин «Айдаркен коммунальщик» акционердик коому болуп иштеп баштаган. Тактап айтканда, ишкана канализация, таза суу жана шаардын тазалыгын көзөмөлдөп келген.

Ал арада бир нече жолу бул ишкана менен жергиликтүү элдин ортосунда пикир келишпестиктер чыгып, сотко чейин барышкан. Ишканада 40ка жакын жумушчу эмгектенет. Шаардык мэриянын балансына өткөндөн кийин ишкананы жаңы жабдуулар менен камсыздоо, жумушчуларды жана төлөмдөрдү толук көзөмөлгө алуу менен бирге туруктуу баа коюп иштөө жактары каралууда. Андан сырткары жыл сайын ишканага тиешелүү жерлерди оңдоп-түздөөдөн өткөрүү пландалып жатат.

Чогулган 100гө жакын адам бир аздан кийин тарап кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×