Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусу, Баткен 26.02.2018 18:15

Кадамжайда тоноочулук кылмышка шектелген жигиттер кармалды

Turmush -  Кадамжайда тоноочулук кылмышка шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-февраль күнү саат 21:50 чамаларында Кадамжай шаарынын 19 жаштагы тургуну С.Ж.ны жашы 25-30 чамасындагы, мас абалдагы 2 жигит себепсиз уруп, 5500 сомдук «Нокиа-206» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, качып кетишкен.

Кадамжай РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-аракеттеринин негизинде кылмышка шектелип, Кадамжай районунун Халмион айылынын тургундары — 19 жаштагы У.Б. менен 20 жаштагы Ж.Б. кармалды. Аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×