Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Кадамжайлык жигитке бычак такап, унаасын тартып алган 45 жаштагы адам кармалды

Turmush -  Баткен облусунда өткөрүлгөн «Селсаяк» операциясынын жүрүшүндө уурулук боюнча 4 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-февраль күнү саат 16:00 чамасында Бирлик айылынын 25 жаштагы тургуну Ж.М.га Халмион айылындагы «Баяман баатыр» базарынан белгисиз адам бычак такап коркутуп, «Хендай Старекс» үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып качып кеткен. Бул боюнча Кадамжай РИИБдин милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, кылмышка шектүү катары Ноокен районунун Бүргөндү айылынын 45 жаштагы тургуну Э.Э.ни кармашты. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1670
Көп окулду
×