Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Жубайлар: Баткендеги Ж.Топчубаев менен Н.Асатова 17 жылдан бери чек араны кайтарып келишет (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун тургуну Жаныбек Топчубаев 17 жылдан бери чек ара кызматында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жубайы да аскер кызматкери. Учурда үй-бүлөсү менен Баткен облусунун Лейлек районундагы чек ара бөлүктө иштешет.

«Чек ара отрядына биринчи жолу 1999-жылы чакырылгам. 17 жылдан бери чек арачы болуп иштеп келе жатам. Бул аралыкта Лейлек районундагы бардык чек ара отрядтарында иштедим. Учурда И.Раззаков атындагы №2021 чек ара аскер бөлүгүндө капитан чинине жеттим. Жубайым да ушул тармакта. Экөөбүз Жалал-Абадда иштеп жүргөндө табышып калганбыз. Кийин экөөбүз тең бул жака которулдук. Азыр 4 кызыбыз бар. Алар бул жактагы мектептерде билим алышат. Биз өз кесибибиз менен сыймыктанабыз. Мекенди коргоо — бул чоң бакыт», - деди ал.

Жубайы Нургүл Асатованын чек арачы болгонуна күйөөсү себепкер болгонун айтат.

«Мен Жалал-Абад чек ара отрядында да эмгектендим. Кийин Лейлекке которулдум. Азыр иштеп жатканыма 10 жыл болду. Жолдошум экөөбүздүн тең жумушубуз бир болгондуктан үй жумуштары да экөөбүзгө таандык. Бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Баштап турмуш-шарт оор болчу. Ар кандай айылдарда жашап өттүк. Кепеде түнөгөн күндөр да болду. Суусу жок айылдарда журдүк. Кыздарыбыз да биздин жумушка байланыштуу ар кайсы мектептерде билим алышты. Азыр бир топ жеңил болуп калды. Аскерлерге батирлер да бериле баштады», - деди ал.

Чек арачы жубайлардын 4 кызы да чек арачы болууну кыялданышат.

«Атам менен апамдын аркасынан аскер жашоосун көрүп келем. Экөө тең аскер кызматында. Алар менен сыймыктанам. Азыр 7-класста окуйм. Кичинекей сиңдилеримди карап, апама кол кабыш кылам. Буга чейин 3-4 мектепти алмаштырдым. Ырдаганга кызыгам. Ошондуктан чоңойсом 2 кесипти аркаласам дейм. Мен да аскер кызматкери болгум келет. Ошол эле учурда жоокерлерге арнап, ырларды ырдап чыгарсам деп кыялданам», - үй-бүлөнүн улуу кызы Гүлиза Манапова.

Бул үй-бүлөгө президент Сооронбай Жээнбеков Баткенге болгон иш сапарында батир берген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4409
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×