Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Баткен

Айдаркенде «Жылдын мыкты тарбиячысы 2018» сынагы өттү

Turmush -  Кадамжай районунун Айдаркен шаарында «Жылдын мыкты тарбиячысы 2018» сынагы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, сынакка шаардагы «Солнышко», «Эдельвейс гүлү» жана Бирлик айыл өкмөтүнөн «Келечек» балдар бакчаларынын тарбиячылары катышты. Алар келечек муундарды тарбиялоодогу билимдерин, тарбия берүүдөгү өзгөчөлөнгөн усулдарын жана ыр-бийге болгон шыктарын көрсөтүштү. Жыйынтыгында Айдаркен шаарындагы «Эдельвейс гүлү» балдар бакчасынын тарбиячысы Гүллола Сейитмуратова 1-орунду ээледи. Катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 850
×