Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-апрель
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык А.Аманов бокс боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылынын 19 жаштагы тургуну Азамат Аманов бокс менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы мушкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Ош мамлекеттик университетинде студент.

«Бокска кичинекей кезимден эле кызыкчумун. Атам менен чогуу отуруп, сыналгыдан бокс көрчүбүз. Бокска келишиме атам түрткү болгон. Азыр машыкканыма 5 жыл болду. Биринчи машыктыруучум Исманов Султанбек агай. Алгачкы жолу 2014-жылы Баткен облусунун биринчилигине чыккам. Анда 3 беттеш өткөрүп, биринчиликти алдым. Андан кийин 2015-жылы КРнын окуучулары арасындагы өткөн мелдеште 3-орунду ээлегем. 2016-жылы 1998-1999-жылы туулган өспүрүмдөр арасындагы өлкө чемпионатынан 1-орунду ээледим. Андан кийин Казакстандагы эл аралык турнирде 2-орунду алдым. Чеченстанда өткөн мелдешке катышып, 3-орунду ээлеп келдим. Азиянын биринчилигинде да күч сынашып келдим.

Азыр Аматов Амирали жана Исманов Абдалим агайлардын жетектөөсүндө машыгып жатам. Жумасына 6 кун машыгабыз. Бокс акылды, күчтү жана шамдагайлыкты талап кылат. Келечекте Кыргызстандын желегин желбиретип, олимпиадада бокс боюнча жеңүүчү болгум келет», - деди ал.

Мушкер жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 891
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×