Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

«Кадамжай-унаа жолу» пунктунда паспорттогу белгилерди өзгөртүп, чек арадан өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды

Turmush -  «Кадамжай-унаа жолу» өткөрүү пунктунун чек арачылары кечээ, 16-февралда паспорттогу белгилерди өзгөртүп, чек арадан өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жаранын кармашты. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1995-жылы туулган О.И.нун паспортун текшерүү учурунда андагы белгилер жасалма экени аныкталган.

Өзбекстандык жаран Кыргызстанга визасыз кирүү убактысы (60 күн) бүтүп калгандыктан паспорттогу көрсөтүлгөн күндү алмаштырып койгон. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1091
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×