Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 17.02.2018 10:15

Баткенде «Опель» унаасы менен кагышкан «Портер» оодарылып кетип, 2 адам жабыркады (фото)

Turmush -  Баткен шаарында жол кырсык катталып, анда «Портер» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетти.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 16-февралда саат 21:00 чамасында Разаков менен Кыргызстан көчөлөрүнүн есилишинде болгон. Анда «Опель» үлгүсүндөгү унаа менен «Портер» унаасы кагылышып, экинчиси оодарылып кеткен. Анын кесепетинен «Портердин» айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган. Окуя болгон жерден «Опель» унаасынан айдоочусу качып кеткен.

Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам бөлүмүнүн маалыматына караганда, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Экөө тең шок абалда болушкан. Алар ооруканага баруудан баш тартышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×