Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Нарын

Нарын облусунда 5 ай ичинде 65 карышкыр, 15 чөө атылды (фото)

Turmush -  Нарын облусу боюнча 65 карышкыр, 15 чөө атылып жок кылынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Нарын облусу боюнча өкүлү Сагыналы Богачиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылы 29-ноябрда чыккан «Облустун аймагындагы карышкырларды, чөөлөрдү жана жолбун иттердин санын кыскартуу» жөнүндө буйругунун негизинде карышкырды, чөөлөрдү жана жолбун иттердин санын кыскартуу иштери жүрүп баштаган.

«Азыркы учурда карышкыр, чөөлөрдү азайтуу боюнча чыккан буйруктун негизинде 14 мергенчиден турган топ түзүлгөн. Алар жергиликтүү мергенчилер менен биргеликте 2017-жылдын 1-октябрынан бери облус аймагындагы 65 карышкырды жана 15 чөөнү атып жок кылышты. Атылган карышкырлар атайын райондук комиссиядан өтүп, өкмөттүн токтому боюнча ар бир карышкырдын башына 6 миң сом өлчөмүндөгү сый акы төлөнүп берилет», - деди С.Боогачиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1740
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×