Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ош

Кара-Сууда тамакка уулангандардын саны 17 адамга жетти, үчөө оор абалда

Turmush -  Кара-Суу районунда 12-февраль күнү тамак-ашка уулангандардын үчөө аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 3 адам жугуштуу оорулар бөлүмүндө болсо, 6 бейтап ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Ош облустук ооруканасынын бүгүн, 14-февралдагы маалыматы боюнча, мындан тышкары 2 жаш бала Кара-Суудагы балдар ооруканасында, 3 бала Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат.

Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын маалыматы боюнча, уулангандар ошол күнү бирге тамактанышкан. Алгач ооруканага 7 адам жеткирилип, андан кийин 10 адам кайрылды.

«Уулангандар абысындар болгон. Ошол күнү алар чогулуп, чогуу тамактанып, өрүк шербетин ичишкен. Кийинчерээк баарынын абалы оорлоп, ооруканага кайрылышты. Тиешелүү текшерүүдөн кийин тамактан уулануу (ботулизм) болгон деп тыянак чыгарылды», - деп айтылат оорукананын билдирүүсүндө.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1138
Көп окулду
×