Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Чүй

Кара-Балтада жол талашкан айдоочулар: Башына ок атылган жигит Бишкектеги ооруканага которулду (фото)

Turmush -  Травматикалык тапанча менен башына ок атылган Кара-Балта шаарынын тургуну Бишкек шаарындагы ооруканага которулду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Жайыл райондук ооруканада дарыланып жаткан 29 жаштагы Н.Т.ны башындагы жарааты менен шаардагы ооруканага дарыланууга алып кетишкен. Райондук ооруканада анын абалы туруктуу деп бааланып жаткан. Мындан тышкары Turmush басылмасынын өздүк булактары билдиргендей, ок атуу окуясы айдоочулар жол талашып урушкан күндүн эртеси жабырлануучу жашаган көп кабаттуу үйдүн жанында болгон.

Окуя болгон жерден сүрөттөр

Окуя тууралуу:

Кара-Балта шаарында жергиликтүү тургундун башына ок аткан адам кармалды. Ал мурда да сот жоопкерчилигине тартылганы маалым болду.

Буга чейин Turmush басылмасы окуя 9-февралда саат 14:30 чамасында Т.Кожомбердиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында болгонун билдирген. Жергиликтүү тургундардын айтымында, башынан жаракат алган киши унаага өзү отуруп, ооруканага жеткен. Ал аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу.

Чүй ОИИБдин билдирүүсү боюнча, 9-февралда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан октон жаракат алган бейтап түшкөнү тууралуу маалымдалган. Жабырлануучунун өздүгү такталып, Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы тургуну Н.Т. экени белгилүү болгон.

Тергөө иштери менен белгилүү болгондой, 9-февралда саат 14:25 чамасында азиат түспөлүндөгү белгисиз адам жабырлануучунун башына травматикалык тапанчадан ок атып, андан кийин ак түстөгү БМВ унаасы менен качып кетүүгө жетишкен. Бул факты боюнча Жайыл РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен кылмыш ишин козгогон. Андан көп узабай шектүү катары 25 жаштагы Т.Т. кармалып, далил буюм катары травматикалык тапанча табылган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, шектүү менен жабырлануучунун ортосунда унаа башкарып бара жатканда жол талашуудан улам пикир келишпестиктер жаралган. Учурда шектүү камакта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1440
Көп окулду
×