Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 14.02.2018 16:47

Айыл турмушу: Таластык З.Исманкулова 10 жылдан бери куракчылык менен алектенип келет (фото)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын тургуну Зинфира Исманкулова 10 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, апасы, кайын энеси да чебер аялдар. Учурда 1 миң сомдук жаздык, жер төшөктөрдү курайт.

«Мен өзүм Чүйдүн кызымын. 1996-жылы Арал айылына келин болуп келдим. Кайын энем курак курап, кийиз менен иштеген чебер аял. Мени да жанына отургузуп алып, курак кураганды үйрөтүп койду. Башында бир аз кыйынчылык болгону менен бат эле өздөштүрүп алдым. 10 жылдан бери өз алдымча курак курап келем. Курактын ромбик, чий курак, кыргыз оюм деген түрлөрүн курайм. Бул майда жумуш эмеспи, күндүз үй иштери менен алек болсом, кечкисин бош убакта отуруп алып курайм. Буйрутма деле көп алып иштебейм, кайрылгандарга сөзсүз оюндагыдай кылып курап берем. Кездемени өзүм алсам бир төшөктү 1 миң сомдон сатам. Кээ бир учурларда кайын энем экөөбүз бирге курайбыз», - деди ал.

Чебер айым 2 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×