Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Чүй

60 мергенчи ата албаган «миллионер»: Суусамырлык Ж.Тажидинов эки карышкырды тирүүлөй кармады (видео, фото)

Turmush -  Суусамырлык мергенчи Жанболот Тажидинов Сарала-Саз жайлоосунун аймагында жүргөн 7 карышкырдын экөөсүн капкан салып кармады. Бул тууралуу Ж.Тажидинов өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Мергенчинин аңчылык кылып жүргөнүнө 10 жылдай болуп калган.

«Азыр карышкыр күч алып, элдин малына кол салып жатат. Жакында эле Сарала-Саз жайлоосунун аймагында жүргөн 7 карышкырдын экөөсүн капкан менен тирүүлөй кармап алдым. Сандык жайлоосунда да 3 карышкыр жүрчү эле. Бирок жер кара болуп, карды бороон учуруп, ал карышкырларды ата албай калдым. Бир кышта 2-3 карышкыр кармайм. Көп жылдан бери аңчылык кылып, карышкыр атуу хоббим болуп калды.

Бир жылдары биздин аймактагы жалгыз карышкырды алтымыштай адам кубалап ата албай калышкан. Мындан улам аны «миллионер» деп атап койгон элек. Азыр ал карышкыр картайып, жок болуп кетти», - деди ал.

Жанболот Тажидинов кармаган карышкырларды баасы туура келип калса сатып жатканын кошумчалады.

«Көбүнчө Чүй тараптан карышкырдын эти дарычылыкка жакшы деп алып кетишет. Анын эти өпкө оорусуна дары болот экен», - деди ал.

Ж.Тажидиновдун 6 кызы бар. Учурда жубайы экөө жетинчи баласын күтүп жатышат.

Эскертүү: Видеодо цензурадан тыш сөздөр айтылган



Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 19413
Көп окулду
×