Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 14.02.2018 16:41

Тогуз-Тородогу кыштоодо 2 адам изделип жатат

Turmush -  Тогуз-Торо районунун Кабак кыштоосунда дайынсыз жоголгон 2 адам изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-февраль күнү Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Бирдик айылынын 3 тургуну (1983-жылы туулган К.Ч., 1976-жылы туулган С.Ч., 1989-жылы туулган С.А.) Кабак кыштоосуна мал издегени атчан чыгып кетишкен. 12-февраль күнү кечинде К.Ч. Бирдик айылына келип, С.Ч. менен С.А. адашып кеткени тууралуу кабар берген.

Аларды издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12-февралдан 13-февралга караган түнү туугандарынан 10 адам чыгып кетишкен. Ошондой эле, бүгүн, 14-февраль күнү саат 14:20да издөө иштерине айыл тургундарынан 15 адам жана ӨКМдин №46 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары ат менен чыгып кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×