Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Жалал-Абад

Майлуу-Суу шаарында өспүрүм кыз көз жарды

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында жашы жете элек өспүрүм кыз көз жарды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, Майлуу-Суу шаардык төрөт бөлүмүндө 26-январга караган түнү 16 жашка толгон кыздын көз жарганы боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнө маалымат түшкөн. Андагы маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери 16 жаштагы кыз турмушка чыгып, көз жарганын тактаган.

«КРнын Үй-бүлө кодексинин 14-беренесиндеги нике курак 18 жаштан өйдө деген талапты бузуу менен кыздын ата-энеси аны турмушка беришкен. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (Аялды никеге турууга мажбурлоо же никеге турууга тоскоол кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө», - деп билдирди ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматтарга караганда, жаш курагы жете электе үй-бүлө күткөн кыз шаардагы кесиптик лицейде билим алып жаткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2637
Көп окулду
×