Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Түптүн эли менен жолугушууда өкмөттүн өкүлү көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун айтты (фото)

Turmush -  Түп районунун жашоочулары менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Районду 3 тайпага бөлүп, алгач Түп айылындагы Х.Карасаев атындагы маданият үйүндө Санташ, Чоң-Таш, Талды-Суу, Арал, Карасаев жана Түп айыл өкмөттөрүнүн (6 айыл өкмөт), Ак-Булак айылындагы маданият үйүндө Сары-Булак, Ак-Булуң, Ак-Булак жана Кутургу айыл өкмөттөрүнүн (4 айыл өкмөт), Михайловка айылдык маданият үйүндө Тогуз-Булак, Ысык-Көл жана Михайловка айыл өкмөттөрүнүн (3 айыл өкмөт) жашоочулары менен кездешүүнү жаңы дайындалган аким Элчибек Жантаевди тааныштыруудан баштады.

Андан кийин кезек көйгөйлөр боюча суроо-жоопторго берилди. Жыйналышта таза суу, сугат суу маселелери, курулушу башталып, бирок аягына чейин бүткөрүлө элек мектептер, спорт жайлары, райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана башка имараттар, жол, дан эгиндеринин үрөнү, үрөнчүлүк чарбалардын калкка көрсөткөн кызматы, мамлекеттик салыктарды төгүүдө жана декларацияны тапшырууда кезек күтүүнүн узактыгы, 2-3 күндөп райондун борборуна барууга туура келүүдөн келип чыккан түйшүктөрдү азайтуунун жолдору сунушталды.

Ыйгарымдуу өкүл У.Жылкыбаев жеринде чечиле турган маселени айыл өкмөт башчыларына, райондук, облустук масштабда чечиле турган маселелерди тиешелүү мекемелердин жетекчилигине тапшырып, республикалык масштабда чечиле тургандарын тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго кайрылып, тиешелүү жыйынтык чыгаруунун жолдоруна токтолду.

Эң көп суроолор Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун каражаты жөнүндө болду. У.Жылкыбаев фонддун 20 пайызын киреше алып келүүчү ишканаларды куруучуларга колдоо көрсөтүп, көп жылдан бери аяктай элек курулуштарды аягына чыгарууга жумшай турганына токтолду. Ошондой эле, спорт менен маданияттын өнүгүшүнө да көңүл бөлүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун татыктуу өткөрүп, Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөөнүн пландары менен тааныштырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 801
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×