Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 14.02.2018 16:57

Айланма жолдо эки унаа кагышып, бири даракты сүзүп токтоду (видео)

Turmush -  Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагына жакын айланма жолдо бүгүн, 14-февралда саат 10:00 чамасында жол-транспорт кырсык болду. Бул тууралуу күбө «Репортерго» билдирген.

Видеодон жеңил унаа даракты сүзүп токтогонун көрүүгө болот.

Кийинчерээк ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдалгандай, «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа Лебединовка—ГЭС-5 жолу боюнча түндүктөн түштүккө карай бара жатып, «Тойота Харриер» менен кагышкан.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, «БМВ Х5» унаасы каршы тилкеге чыгып, анын кесепетинен экинчи унаа даракты сүзүп токтогон. Учурда адамдардын жаракат алгандыгы тууралуу маалымат жок.

На объездной дороге машина врезалась в дерево (видео с места ДТП)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×