Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баткен

Баткенде «Айдаркен» сымап комбинатынын иши сынга алынды

Turmush -  2017-жылы Баткен облусунда 10 миң 200 жаңы жумуш орун түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков катышкан облустук коллегияда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев билдирди.

Анын айтымында, салык жыйноо 101%га аткарылып, 1 млрд 367 млн сом жыйналган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 млн сомго көп. Анын ичинен республикалык бюджетке 733 млн сом жыйналса, 534 млн сому жергиликтүү бюджетке чогулган. Бирок ири өнөр жай ишканалары пландалгандан аз продукция өндүргөн.

«Жыл ичинде айрым ири ишканаларда өсүү болгон жок. Айта кетсек «Айдаркен» сымап комбинаты былтыркы жылдан 5 тоннага аз продукция өндүрдү. 2,8 тонна сымап өндүрүп, план 38% болду. Комбинаттын социалдык фондго болгон 16 млн сом карызы төлөнгөн жок. Өкмөттөн анын мөөнөтү убактылуу узартылды. Муну менен катар Кадамжайдын Майдан айылындагы Бел-Алма көмүр шахтасы пландалган 100 тонна көмүрдү өндүргөн жок», - деди Халмурзаев.

Өкмөт башчы Сапар Исаков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, инвесторлорго чараларды колдоно албагандыгын айтып, жетекчилерди сындады.

«Чет жактан келген же Ата Мекендик инвесторлор менен иш алып барууда документти колуна бергенден кийин шарттарды түзүү керек. Эгерде элдин наразычылыгы болсо, анда уруксат бербеши керек. Жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштерин туура алып баруу зарыл. Мунун баары жергиликтүү жетекчилердин милдети», - деди Исаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 553
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 17 адам окуп жатат)
×