Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө тургундардан түзүлгөн эки ыктыярдуу топ экологдорго жардам берүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундардан түзүлгөн эки ыктыярдуу топ экологдорго көмөк көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу «Хан-Теңир» жаратылыш паркынын өкүлдөрү маалымдашты.

Маалыматка караганда, жаратылышты коргоо иши менен Ысык-Көл аймагында экологдор гана эмес жергиликтүү тургундар дагы алектенип келишет.

«Жети- Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл аймагындагы жана Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагындагы жергиликтүү тургундардан жаратылышты коргоо боюнча эки штаттан тышкаркы топтор түзүлгөн. БУУнун Өнүктүрүү программасынын долбоору аркылуу айылдык ыктыярдуу топтордун мүчөлөрүнө атайын формаларды кийгизишип, фотоаппарат, дүрбү, рацияларды алып беришкен. Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаменти аларга атайын күбөлүктөрдү тапшырган. Штаттан тышкаркы инспекторлордун тобу кышында ай сайын, жайкысын айына эки жолу рейдге чыгып турушат. Алардын колдоосунун натыйжасында браконьерчилик фактылары кыйла азайып калды. Инспекторлор көзөмөлдөө иштеринен тышкары эл арасында жаратылыш байлыгын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 303
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 18 адам окуп жатат)
×