Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тегирмен иштеткен түптүк М.Отунчиев Кореяга козу карын экспорттоодо (фото)

Turmush -  Түп районуна караштуу Михайловка айылынын тургуну Майрамбек Отунчиев 20 жылдан бери иштебей турган тегирменди жандандырып, 10 адамды иш менен камсыз кылды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, тегирмен 1971-жылы курулуп, 1999-жылга чейин иштеген. Бирок СССР ыдырагандан кийин тегирмен иштебей, талашка түшүп, тонолуп бара жатканда ишти Майрамбек Отунчиев колго алган.

Учурда күн сайын 10 тонна буудайдан ун чыгарып, облус элин ун менен камсыз кылып келет.

Майрамбек Отунчиев уулу Өмүрбек менен бирге нан бышыруучу чакан ишкана ачкан. Бул жерде 2 аял иш менен камсыз болуп, күн сайын 200 даана 2 түрлүү нан бышырылып сатыкка чыгарылат.

Өмүрбектин айтымында, ал айылда ишкердикти жандандырып, аймакты өнүктүрүүгө салым кошууну максат кылат.

«Район элин ун менен камсыз кылуудан сырткары 7 жылдан бери козу карын алып, Кореяга жөнөтөбүз. Бул иштер жай айында 3 айга созулат. Жергиликтүү тургундардан козу карындын 1 килограммын 150 сомго чейин сатып алып, Кореяга келишимдин негизинде жөнөтүп келебиз», - деди ал.

Ал белгилегендей, жай мезгилинде Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунун тургундары козу карын өткөрүп, кошумча киреше таап алышат. Козу карын кабыл алуучу атайын жай ачылып, муздаткычтар да орнотулган.

Айыл аймак башчысы Тоту Юсупованын айтымында, айылда 3500дөн ашуун эл 6 миң гектардан ашуун жерди иштетет.

«Айыл тургуну М.Отунчиев аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп, ун, азык-түлүк жана акчалай жардам берип келет», - деди айыл аймак башчы.

М.Отунчиев жубайы менен 3 уул, 1 кызды тарбиялады. Учурда балдары да ишкерликти колго алууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1303
Көп окулду
×