Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Нарында шаар аралаган кароосуз уйлар камакка алынып, ээлерине айып пул салынды (фото)

Turmush -  Нарында шаар аралап, кароосуз жүргөн мал-жандыктар камалып, ээлерине айып пул салуу иштери уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Таза Нарын» ишканасынын кызматкерлери тарабынан маалы менен рейд уюштурулуп, шаар аралап бош жүргɵн мал-жандыктар камалууда. Кечээ, 13-февраль күнү шаар ичинде жүргɵн уйлар камалып, ээлерине айып пулдар салынган.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүүлɵргɵ карабай шаар калкы бул маселеге дагы кайдыгер кароодо. Ошондуктан Нарын шаардык мэриясы шаар тургундарына мал-жандыктарын шаар ичин аралатып бош койбоону жана мындай жагдайлар кайталанса айып пулдун кɵлɵмү жогорулатыларын эскертет», - деп билдиришти мэриядан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1042
Көп окулду
×