Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалды

Turmush -  Дыйканбаев Курманбек Сапарович президенттин Жогорку Кеңештеги жаңы өкүлү болуп дайындалды.

Бүгүн, 14-февралда Курманбек Дыйканбаевди Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев тааныштырды.

«К.Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү катары дайындалгандыгы боюнча жарлыкка президент кечээ, 13-февралда кол койду», - деди М.Абулгазиев.

К.Дыйканбаев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында «Республика» партиясынан депутат болгон. Буга чейин президенттин ЖКдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 518
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×