Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Тажикстандын Кыргызстан жана Өзбекстандагы чек арасында акча алмаштыруучу жайлар ачылат

Turmush -  Жакынкы убакытта Тажикстандын Кыргызстан жана Өзбекстан менен чектешкен чек арасындагы көзөмөл пункттарда акча алмаштыруучу жайлар ачылат. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук банкынын Согдий облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Улуттук банктын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навруз Валиевдин айтымында, акчаларды алмаштыруу менен насыялык уюмдар алектенет. Тажикстанда жеке менчик акча алмаштыруучу жайлардын иштешине тыюу салынган. Чек арада акча алмаштыруучу жайлардын жоктугунан улам жарандар акчаларын кошуна мамлекеттердеги көмүскө базарларда алмаштырууга мажбур болуп келишет. Банктар, насыялык уюмдар иштебей калган ишемби-жекшемби күндөрү Худжандда дагы долларды, еврону же рублди алмаштыруу кыйынга турат.

Банктар менен насыялык уюмдарга акча алмаштыруучу жайлардын ишин түнкү саат 10-11ге чейин жүргүзүү тапшырылды. Худжандда жана башка шаарларда, айылдарда күнү-түнү иштей турган акча алмаштыруучу жайлар ачылат.

Тажикстанда 2015-жылы Улуттук банктын буйругу менен жеке менчик баардык акча алмаштыруучу жайлар жабылган болчу. Андан мурда Улуттук банк акча алмаштыруучу жайлардагы баш аламандыктардан улам доллар менен еврону сатууну токтоттурган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 459
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×