Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Баракелде

Депутаттар сыйлык үчүн барган «Кока Коланын» коммерциялык директорунун микрофонун өчүрүп, сөз бербей коюшту

Turmush -  Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети кечээ, 13-февралда комитеттин «Кока Кола Бишкек Ботлерс» компаниясынын коммерциялык директору Нурлан Рашалиевге Жогорку Кеңештин ардак грамотасын тапшыруу жөнүндө» долбоорун талкуулады.

Анын жүрүшүндө эл өкүлү Гүлшат Асылбаева сыйлыкка талапкерди эч ким тааныштырбай, өзү жалгыз келгенине нааразычылыгын билдирип, Н.Рашалиевден өзүн бул сыйлыкка татыктуу деп эсептей турган пикирин сурады. Жооп узаткан Н.Рашалиев өзүн татыктуу деп эсептей турганын айтты.

Депутаттар Нурлан Макеев, Элвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев менеджерди мамлекеттик сыйлык менен сыйлоону колдоого алып, Э.Сурабалдиева: «Сиздин дарекке айтылган мындай пикирлерден кийин Кыргызстанда жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү жарандардан түзүлгөн дагы бир нече фабрика ачууга сөз беришиңиз керек», - деп кошумчалады.

Ал ортодо Г.Асылбаева сыйлыкка талапкер өзүн-өзү тааныштырып жатканы этикага туура келбей турганын айтып, маселени кароону жылдырууну сунуштады. Анын пикиринде кызматкерди эмес, компанияны сыйлоо керек.

«Бизде мамлекеттик кызматкерлер азбы? Биз эмне үчүн мамлекеттик сыйлыкты жеке секторлорго берип жатабыз? Мен каршымын. Менин пикиримде сыйлыкка татыктуу көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер бар», - деди ал.

Н.Рашалиев компанияда 21 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип жатканын кошумчалап, ага чейин айтылган маалыматтар боюнча тактоо киргизүүгө аракет кылды. Бирок ага уруксат беришкен жок.

«Микрофонду өчүрүңүз, сизге сөз берилген жок», - деди Н.Макеев.

Мындан кийин Н.Рашалиев ордунан туруп, жыйын залдан чыгып кетти.

Э.Сурабалдиева бул жагдай толугу менен комитеттин күнөөсү экенин айтып, мындан ары коммерциялык түзүмдөргө такыр сыйлык ыйгарбоону сунуштады.

«Мындай сыйлыктарды токтотуш керек. Балким бул жөн гана кимдир бирөөнүн таанышыдыр. Уят болушу керек. Азыр биз адамды кемсинтип, кубалап жибердик. Бул жакшы эмес», - деди ал.

Н.Макеев эч ким эч кимди кемсинтпегенин, эгер бирөөгө өзүн-өзү тааныштырууга уруксат берилсе, эртең бардыгы ушундай кыла тургандыгын белгиледи.

Э.Сурабалдиева сыйлык ыйгаруу боюнча документтерди жок дегенде 1 жума мурда берүү керектигин суранды. «2 жумада долбоор даяр болду. Светлана Кадыровна (экономикалык жана фискалдык саясат боюнча бөлүмдүн жетекчиси Светлана Касмалиева), эмне үчүн комитеттин мүчөлөрү жыйынга 1 саат гана калганда көрүштү? Материалдар комитеттин мүчөлөрүнө отурумга 15 мүнөт калганда эмес, минимум 1 жума мурда таратылышы керек», - деди ал.

Комитеттин жетекчиси аталган маселе менен алектениши керек болгон С.Касмалиевага сөгүш берүүнү сунуштады. «Бизге бул боюнча маалыматты 4 жума мурда бергениңизге карабай бул сиздин күнөөңүз», - деди Макеев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2458
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×