Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Нарын

Дайынсыз болуп жаткан Ат-Башынын тургуну тууганынын үйүнөн табылды

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда дайынсыз жоголгон жергиликтүү тургун тууганынын үйүнөн аман табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынан 13-февраль күнү 1974-жылы туулган Т.У.Ж. жана 1976-жылы туулган С.А.Ы. Ат-Башы айылына атчан барышып, кайра Баш-Кайыңды айылына С.А.Ы. гана кайтып келген. Ал эми Т.У.Ж. дайынсыз болуп, айылга минген аты келген.

13-февраль күнү саат 22:25де издөө иш-чараларын жүзгүзүүгө ӨКМдин №45 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучусу, РИИБден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылып, иш-чаралар 14-февралда саат 01:30га чейин жүргүзүлгөн болчу.

Бүгүн, 14-февралда саат 09:00дө издөө иш-чараларын жүргүзүүгө Ат-Башы райондук №45 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучу, РИИБден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз болгон жаран Ат-Башы айылында тууганынын үйүндө түнөп калгандыгы аныкталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2301
×