Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Талас

Айыл турмушу: Мүнөзү катаал көрүнгөн директор Т.Иманалиев үйүндө ак көңүл, жумшак адам (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын 48 жаштагы тургуну Тариел Иманалиев 20 жылдан бери мектеп директору болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1996-жылы И.Арабаев атындагы университеттин филология бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолунда бир катар сыйлыктар менен сыйланды.

«Алгач Талас районуна келгенде мектепте катчы болуп, кийин кыргыз тили жана адабияты сабагынан сабак бере баштадым. 1998-жылдан азыркы убакытка чейин Козучак айылынын М.Мамбетов атындагы орто мектебинде директорлук кызматты аркалап келем. Мен мектепте мугалимдерге, окуучуларга мүнөзүм катаал, катуу көрүнөм. Бирок үйгө келген айрым коноктор «сен үйдө такыр башкача адам турбайсыңбы, үйдөн мынча жумшак, ак көңүл адам экениңди билген эмеспиз» деп күлүп калышат», - деди ал.

Директор буга катар эле 2017-жылы мектептин жаңы имараты курулгандыгын кошумчалады.

«2006-жылы мектеп авариялык абалга кабылып, акимчиликтен, ӨКМден комиссия түзүлүп. «окууга болбойт» деген чечим чыгарылды. 2011-жылы атайын долбоор жазылып, 2013-жылы ноябрь айынан баштап 225 орундуу мектептин курулушу үчүн 66 млн 780 миң сом бөлүнүп, жаңы мектеп курула баштады. 2017-жылы мектеп толугу менен салынып бүттү. Долбоордон тышкары мектепке 5 млн сомдон ашык акча жумшалган. Кайрадан класстык бөлмөлөрдүн баарына пол төшөлүп, мугалимдер үчүн усулкана бөлүнүп, спорт зал курулуп, ашканага керектелүүчү баардык жабдыктар киргизилип, жуунучу жай, тышкы жана ички ажаткана салынды. Мектепти жылытуу үчүн мешке от жагууга өзүнчө бөлмө курулган», - деди ал.

Учурда мектепте 360 окуучу окуп, 25 мугалим эмгектенет. Алардын 22си жогорку билимдүү болсо, 3 мугалим орто билимдүү.

Директор жубайы Нуркан Иманалива экөө 6 баланын, 2 неберенин ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1329
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×