Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 14.02.2018 09:39

Ат-Башыга айылдашы менен атчан кеткен 42 жаштагы тургун дайынсыз жоголду

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда 42 жаштагы жергиликтүү тургун изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынан 13-февраль күнү 1974-жылы туулган Т.У.Ж. жана 1976-жылы туулган С.А.Ы. атчан Ат-Башы айылына барышып, кайра Баш-Кайыңды айылына С.А.Ы. гана кайтып келген. Ал эми Т.У.Ж. дайынсыз болуп, айылга минген аты гана келген.

«13-февраль күнү саат 22:25де издөө иш-чараларын жүзгүзүүгө ӨКМдин №45 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн 5 куткаруучусу, РИИБден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылып, иш-чаралар 14-февралда саат 01:30га чейин жүргүзүлдү. Издөө иштери бүгүн улантылат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×