Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Баткен

Өкмөт башчы Кадамжайдагы көйгөйлөр менен таанышты

Turmush -  Өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ, 13-февралда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай шаарындагы 45 батирлүү үйдүн курулушу менен таанышты.

Маалыматка караганда, аталган объект 2011-жылы Кадамжай районундагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн салынууда. Бүгүнкү күндө курулуш иштери дээрлик аяктаган. Бирок каржылоо жана насыянын мөөнөтүнө тийиштүү көйгөйлөргө байланыштуу объектти ишке киргизүү процесси создуктурулушу мүмкүн. Сапар Исаков Финансы министрлигине курулушту жыйынтыктоо үчүн жетишсиз 10 млн 700 миң сом каражатты издеп табуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле, шаар мэриясына жана Финансы министрлигине биргелешкен эсептерди чыгарып, насыяны жоюу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маселени карап чыгуу тапшырылды.

Сапар Исаков андан тышкары Кадамжай районунун Алга айылында жашаган аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн катарына кирген Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Учурда Тазагүл Мамытова жашы жете элек 4 баланы тарбиялоодо. Алардын эң кичүүсү 4 жашта. Чабандык кесипти аркалаган жолдошу Акыл Зулпуев 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик тарабынан бул үй-бүлө үчүн 2 бөлмөлүү үй курулуп берилген.

Сапар Исаков үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

Өкмөт башчы жумушчу сапарынын жыйынтыгында көчөттөрдү өстүрүү жана сатуу менен иш алып барган «Арпасай-Береке багы» кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Кооперативдин төрагасы Исманалы Юлдашевдин айтымында, көчөттөрдүн сатылышы жылдан жылга өсүп жатат. Өзгөчө өрүктүн жана алманын көчөттөрү суроо-талапка ээ. Кооперативдин башчысы андан көчөттөрдүн жаңы сортторун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Сапар Исаков тийиштүү органдарга маселени изилдеп чыгуу тапшырмасын берди.

«Жаңы доорго 40 кадам» программасында кооперативдерди өнүктүрүү боюнча кадам бар. Өкмөт бул ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн колдон келген жардамын көрсөтөт»,- деди Исаков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1644
Көп окулду
×