Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Чүй

Сокулуктун акими кылмыш иши козголгон Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын кызматтан алды

Turmush -  Кылмыш иши козголгон Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Тагайбек Бакасов ээлеп турган кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү чечимди Сокулук районунун акими Болот Саткеев кабыл алды.

Учурда Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин 27 жаштагы Чынарбеков Медербек Чынарбекович аткарууда.

Медербек Чынарбеков

imgonline-com-ua-Frame-blurred-innETG12E3fwRpqB

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Болот Саткеевдин айтымында, райондук прокуратурадан Тагайбек Бакасовдун ээлеп турган кызмат ордун кароо маселеси боюнча атайын сунуш келген.

«Бул кызматкерге карата кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, ал жергиликтүү кеңештин депутаттары менен иштеше албай, аткарыла турган иштердин баары жүрбөй калган. Ал тургай, бюджет бекибей, бала бакчанын тарбиялануучуларына ысык тамак берүү токтоп кала жаздады. Аны менен сүйлөшүп жатып, “эгер бул чечимге макул болбосоң сотко берсең болот” деп айттым. Айла жок, кызматтан алганга туура келди. Бирок мен бул жерден калыстык кылдым деп ойлойм», - деди аким Т.Бакасов.

Болот Саткеев

6c0a91ceb79c34627dd4fbfb45ebb0dd_500_0_0

Ал эми мурдагы айыл өкмөт башчысы Тагай Бакасов мындай чечимге каршы экенин билдирди.

«Мени жумуштан алып салганы мыйзамсыз, акыйкатсыз деп эсептейм. Себеби, бул жерден кандайдыр бир саясий кызыкчылыктар болуп кетти. Өзгөчө акимчилик тараптан болду. Мен өз жумушумду так, жакшы аткарып келгем. Коюлган пландар боюнча иштер толук аткарылып, 2017-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 112% же 2 млн сомдон ашык каражатты түзгөн. Тактап айтканда, бюджеттин киреше бөлүгү 15 млн сомго пландалган болсо, биз аны 17 млн сомго чыгарып жатабыз.

Мен бир нече жолу бюджетти кабыл алгыла деп жергиликтүү кеңештин төрагасына кайрылуу жазгам. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Бул маселе боюнча акимдин өзүнө да бир нече жолу кайрылдым. Тилекке каршы андан да жооп болгон жок», - деди ал.

Тагай Бакасов

4862e93a0c1533cad7ccd5c08892d4d5_0_500_0

Буга чейин Turmush басылмасы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасовго райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Кийинчерээк Сокулук районунун прокурору Марат Бусурманкулов Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иш козголгонун тастыктаган. Прокуратура Гавриловка айылдык кеңешинин төрайымы А.Жанышбекованын жана айылдык кеңештин жамааттык кайрылуусу боюнча текшерүү иштерин жүргүздү.

Айдана Жанышбекова

Айдана Джанышбекова

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренесинин (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) негизинде кылмыш иш козголду. Мындан тышкары, «Ж» ЖЧКнын директору И.М.га Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголду.

«Иш облустук прокуратурага жөнөтүлгөн. Алар УКМК же финансы полициясына өткөрүп берет. Бул иш ошол жактан чечилет. Ал мектептин оңдоп-түзөө иштеринине зыян келтиргени аныкталган», - деди прокурор.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасов менен байланышканда ал күнөөсүз экенин, чоң саясий оюн жүрүп жатканын белгилеген болчу.

Мындан көп өтпөй Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айыл аймагында элдик жыйын болуп, ага катышкан Болот Саткеев айыл өкмөттө иш алдыга жылышы үчүн биринчи ынтымак керектигин белгилеген эле. Ал ошондой эле депутаттарга жергиликтүү бюджетти бекитүүнү тапшырган болчу.

Андан кийин Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасов элге бир жылда аткарылган иштин жыйынтыгын айтып, отчет берген. Тагай Бакасовдун айыл өмөт башчысы болуп иштегенине 1 жылга жакын убакыт болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2785
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×