Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 13.02.2018 21:00

53 жаштагы Темирбек Чилпаков Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды (фото)

Turmush -  Кечээ, 12-февралда Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу айыл өкмөттөн Айгүл Токтоналиева билдирди.

Анын айтымында, жалгыз талапкер Чилпаков Темирбек Осмоналиевич 21 депутаттын ичинен 13 депутаттын добушуна ээ болуп, айыл өкмөт башчысы болуп шайланды. Ал эми калган 8 депутат каршы добуш беришкен.

Жаңы шайланган Т.Чилпаков 1965-жылы Чаек айылында туулган.

Буга чейин Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бектен Кадыров эмгектенген. Ал өзү Turmush басылмасына бул кызматтан өз каалоосу менен кеткендигин маалымдаган.

Тема боюнча: Жумгал райондук мамкаттоонун жана Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан кетүү арызын жазышты (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×