Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 13.02.2018 17:41

Кадамжайдын Күлдү айылында жаңы мектеп ачылды

Turmush -  Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 13-февралда Кадамжай районуна болгон иш сапарында Орозбеков айыл өкмөтүндөгү мектептин ачылышына катышты. Бул тууралуу Орозбек айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Күлдү айылындагы мектеп 275 орунга ылайыкташтырылган. Мектептин курулушу 2015-жылы күз айларында башталган. Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 55 млн 500 миң сом бөлүнгөн.

Мектепте спорт зал, жаңыланган эмеректер, компьютердик класстар бар. Кол эмгек сабагы өтүүчү бөлмөдө тигүү машиналарына чейин коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×