Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Нарын

Эмилбек Алымкуловдун жетекчилигинде Нарын шаарында инфраструктура менен ɵндүрүш жогорулады (фоторепортаж)

Turmush -  Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаарда аткарылып жаткан алгылыктуу иштерге токтолуп, алдыдагы бир катар пландарын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов
- Эмилбек Абдыраимович, тоолуу региондогу Нарын шаары 2017-жылды кандай кɵрсɵткүчтɵр менен жыйынтыктады?

- Нарын шаары чындыгында алыскы, бийик тоолуу, климаттык шарты катаал региондо жайгашканы менен элибиз эмгекчил, кɵтɵрүмдүү эл. Калкыбыздын жашоо шартын оӊдоого, инфраструктурасын жакшыртууга мүмкүнчүлүктɵргɵ жараша колдон келген аракеттерди кɵрүп келебиз. Президентибиз, өкмɵт башчыбыз тарабынан да жетишээрлик деӊгээлде кɵӊүл бурулуп, чоӊураак кɵйгɵйлɵрдү чечүүдɵ колдоо кɵрсɵтүлүп жатат.

Шаардын мэри кызматына киришкенде эӊ оболу шаардын 2017-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык ɵсүп-ɵнүгүүсү боюнча стратегияны иштеп чыгып, шаардык кеӊештин депутаттарынын алдында жактап, бекиттирип алганбыз. Ошол стратегиялык пландын негизинде шаардын элинин жашоосуна байланышкан бардык тармактардагы маселелердин үстүндɵ иш алып баруудабыз.

2017-жылдын жыйынтыгын чыгарганда бардык тармактарда ɵсүш болгону аныкталды. Жыл ичинде 851 млн 52, 6 миӊ сомго ɵнɵр-жай продукциялары ɵндүрүлүп, физикалык кɵлɵмдүн индекси 110,3% түзүп, ɵндүрүлгɵн продукция ɵткɵн жылга салыштырмалуу 88 млн 166,7 миӊ сомго кɵп болду. Орто жана чакан бизнести колдоо, жеке ишкерлер жана эл аралык демɵɵрчүлɵр менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында 100гɵ чукул жумуш орундары түзүлдү. Салык жыйымдары 986,1 миӊ сомго ашыгы менен аткарылды.

Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу ɵнүгүүсүнүн жол картасына 158 долбоор киргизилип, анын ичинен 114 долбоор же 72 пайызы аткарылып, 6 млрд 278 млн 441 миӊ сомдук инвестиция тартылды. Тармактар боюнча алганда, саламаттыкты сактоо тармагында 28, социалдык жактан коргоо багытында 5, билим берүү тармагында 24, маданият жана спорт тармагы боюнча 9, инфраструктура тармагында 65, табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча 2, чакан жана орто бизнести ɵнүктүрүү тармагында 15, энергетика жана жылуулук тармагы боюнча 9 долбоор жүзɵгɵ ашты.

- Кийинки мезгилдерде Нарын шаарынын инфраструктурасында кɵрүнүктүү ɵзгɵрүүлɵр болуп жатканы байкалууда. Ушул багыттагы ийгиликтерге токтоло кетсеӊиз.

- Туура баамдагансыз. Акыркы жылдары ири курулуштардын бүткɵрүлүшү менен шаарыбыздын инфраструктурасы ɵзгɵрүп, кɵркүнɵ чыга баштаганын келген меймандар да айтып жатышат. Курулуштардын кɵлɵмдүүлɵрүн айта кетсем, шаардын борборуна Ж.Шералиев атындагы заманбап искусство мектеби салынды. Ага республикалык бюджеттен 50 млн сом бɵлүнүп берилди. Мындан сырткары 40 млн сомго спорт мектебинин заманбап имараты курулду. Чейрек кылымдан бери токтоп калган кɵп кабаттуу имараттарды куруу иши колго алынып, жазаларды аткаруу жана чек ара кызматкерлерине 95 млн сомго 24 батирлүү эки кабаттуу турак үй курулуп, жаӊы жылдын алдында пайдаланууга берилди. Мындай курулуштар дагы уланып жатканы кубандырат. Мамлекет тарабынан бюджеттик мекемелерде иштегендерге жана Ѳзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер башкармалыгынын облустагы кызматкерлерине, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да кɵп кабаттуу турак үйлɵр курулууда. Ушунун баары президенттин жана өкмɵттүн элге болгон камкордугу десек жаӊылышпайбыз.

Мындан сырткары чет элдик инвестициялар менен бир топ курулуш объектилери бүткɵрүлүп, ишке берилди. «Ага-Хан» фондусу тарабынан Борбордук Азия университетинин окуу имараттары жана жатаканалары бүтүп, бардык инфратүзүмү уюштурулуп, ал жер чакан шаарчага айланды. Бул миллиарддаган сомду түзгɵн абдан чоӊ долбоор болду. Ошол эле «Ага-Хан» фондусу тарабынан шаардын борборуна баасы 85 млн сомду түзгɵн заманбап смарт-парк уюштурулду. «Ассалам» кайрымдуулук фонду тарабынан 69 млн сомго шаардагы аз камсыз жана ата-энесинен айрылган балдар үчүн бардык шарты менен «Балдарды ɵнүктүрүү» борбору курулуп, ишке кирди. «Газпром» ишканасы тарабынан өкмɵтүбүз менен түзүлгɵн келишимдин негизинде заманбап спорт комплекси салына баштады. Ал бүтүп калса эл аралык деӊгээлдеги мелдештерди ɵткɵрүүгɵ толук шарт түзүлөт.

Бул жаатта ички инвестициялар да натыйжалуу колдонулууда. Алсак, жергиликтүү жеке ишкер Нурбек Ташболот уулу тарабынан баасы 42 млн сомду түзгɵн заманбап жабык муз аянты курулуп, хоккей боюнча эл аралык мелдеш уюштурууга жетиштик. Мелдешке Россиянын Челябинск шаарынан, Казакстандан мыкты хоккей командалары келип, шаарыбыздын тазалыгына, муз аянтыбызга жакшы пикирлерин айтып кетишти. Мындан сырткары ички инвесторлордун аракети менен жаӊы курулган заманбап мейманканалар, соода жана тейлɵɵ борборлору шаарыбыздын кɵркүнɵ кɵрк кошуп, алардын саны көбөйүп жатат.

Ошондой эле, акыркы беш жылдын ичинде шаар ичиндеги 12 чакырымдан ашуун жолго республикалык бюджеттен жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолун оңдоонун алкагында асфальт тɵшɵлдү. Бул чакан шаарыбыз үчүн жакшы кɵрсɵткүч. Калган ички жолдор жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылына эки ирет кум, шагыл тɵгүлүп, түздɵлүүдɵ. Дагы бир жакшы саамалык — Түркия мамлекетинин Анкара, Кастомону шаарлары менен Нарын шаарынын ортосунда кызматташтык алака түзүлүүдɵ. Анын негизинде шаарыбызга заманбап достук паркын куруу жүзɵгɵ ашмакчы.

- Сиздердин шаарда калкка сапаттуу муниципалдык кызмат кɵрсɵтүү боюнча кандай иш-аракеттер бар?

- Шаардын элин сапаттуу таза суу менен камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен 81,5 млн сом бɵлүнүп берилип, башкы суу алуучу жайыбыз толук реконструкциядан ɵткɵрүлдү. Анын натыйжасында таза сууну резервуарларга коромжусуз топтоп, аны кардарларга талапка ылайык сапаты жана басымы менен жеткирүүгɵ шарт түзүлдү. Быйылкы жылдан тартып шаардагы эски суу түтүктɵрүн жаӊыртуу жана суу жетпеген аймактарга таза суу жеткирүү максатында Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын долбоору иштей баштады. Бул долбоордун жалпы сметалык баасы 25 млн еврону түзɵт. Долбоор 2025-жылга чейин 3 фаза аркылуу ишке ашырылмакчы. Демек, жакынкы жылдарда Нарын шаардык «Суу канал» ишканасынын материалдык-техникалык базасы толугу менен чыӊдалып, таза суу жана канализация, саркынды сууларды тазалоочу жайдын жаӊы курулушу жүрүп, экологиялык ири терс кɵрүнүштɵн арылуубуз күтүлүүдɵ.

Шаар калкына кызмат кɵрсɵткɵн мекемелердин ишин оптималдаштыруу максатында Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментин жоюп, чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү муниципалдык ишканасын түздүк. Шаардагы беш айыл аймагын муниципалдык ишкананын алдына бириктирип, 3 айыл аймакка жергиликтүү бюджеттен жана жеке ишкерлердин колдоосу менен аймактык кеӊселерди ачып берүүгɵ үлгүрдүк. Калган эки аймак жыл аягына чейин кеӊселер менен камсыз болмокчу. Шаар калкы ушул аймактардагы кеӊселерде тɵлɵм жүргүзүп, маалымкаттарын алып, маселелерин чечип алышат. Ал эми шаардын тазалыгын камсыз кылуу, кɵрктɵндүрүү, жашылдандыруу маселелери жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү кызматкерлердин күнүмдүк жана системалуу ишине айланып калды. Жергиликтүү бюджеттин кɵпчүлүк бɵлүгү ушул жумуштарга жумшалып жатат.

- Шаар бийлиги тарабынан социалдык маселелерге канчалык деӊгээлде кɵӊүл бурулууда?

- Бүгүнкү күндɵ саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында кадр маселеси кɵйгɵйлүү болууда. Учурда облустук үй-бүлɵлүк медицина борборунда 14 дарыгер жетишпейт. Бул боюнча Мамлекеттик медициналык академиясына жыл сайын сунуштар берилип келет. 2014-жылдан бери «Депозит» программасы аркылуу 13 дарыгер келип, шаардагы ооруканаларда эмгектенип жатышат. Алардын батиринин ижара акысын тɵлɵɵ үчүн жергиликтүү бюджеттен 800 миӊ сом бɵлүнүп, которулуп берилүүдɵ.

Ал эми мугалимдерге стимул берүү максатында жылына жергиликтүү бюджеттен мэрдин стипендиялары, эс алуу жолдомолору берилип, кароо-сынактар уюштурулуп келет. Кийинки мезгилде жалпы эле ɵлкɵ боюнча билим сапаты тɵмɵндɵп кеткендиги жашыруун эмес. Биздин шаарда да бул маселе негизги орунда болгондуктан билим берүү тармагында кадр маселесине ɵзгɵчɵ кɵӊүл бурууну колго алуудабыз.

- Жаӊырган жылга кандай максат-милдеттерди коюп жатасыздар?

- Быйылкы жыл президентибиз тарабынан Аймактарды ɵнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Ошондой эле улуу Теӊир-Тоонун койнунда жайгашкан Нарын шаарыбызга 150 жыл толот. Ошондуктан биз үчүн быйыл ɵзгɵчɵ жыл деп эсептейм. Буюрса аймактарды ɵнүктүрүү жана шаарыбыздын 150 жылдык мааракесин татыктуу ɵткɵрүп алуу боюнча алдыга бир катар пландарды коюп, анын үстүнɵн иштей баштадык. Эӊ негизгиси өкмɵттүн «Жаӊы доорго кырк кадам» программасында камтылган долбоорлорду ишке ашыруу; айыл чарба продукцияларын (этти, сүттү) кайра иштетүүнү колго алуу; жумуш орундарын түзүү; кызматтык жана ипотекалык кɵп кабаттуу турак үйлɵрдүн, «Газпром» ишканасы тарабынан курулуп жаткан спорт комплексинин курулуштарын бүткɵрүү; шаардын борбордук аянтын жана стадионун реконструкциялоо; шаардагы эки мектептин типтүү имараттарынын курулушун капиталдык салымдар беренесине киргизүү; брусчатка, пескоблок чыгаруучу чакан ишканаларды ачуу; ошондой эле шаарды кɵрктɵндүрүү, түнкү жарыктарды коюу, заманбап аялдамаларды жасатуу, шаардын 150 жылдык мааракесинин алкагындагы салтанаттуу, маданий-массалык, спорттук иш чараларды ɵткɵрүү, шаардын тарыхын камтыган китеп чыгаруу, III Бүткүл дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарына калктын активдүү катышуусун уюштуруу сыяктуу бир катар мерчемделген иш милдеттерибиз бар.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдар аралыгындагы Регионалдык саясат концепциясына ылайык республиканын аймагынан 20 шаар пилоттук таяныч шаарлары катары тандалып алынып, ɵзгɵчɵ кɵӊүл бурулганы турат. Бул пилоттук долбоорго биздин шаар да кирди. Ушул концепцияда каралган багыттар боюнча дагы бир катар долбоорлор ишке ашат деген ишенимдебиз.

Элибизде, жерибизде тынчтык болсо эле ɵнүгүү болорун мезгил ɵзү тастыктап койду. Жаӊы жылда дагы жалпы кыргыз элинде тынчтык, биримдик ɵкүм сүрүп, ɵнүгүү жолундагы кадамыбыз арбый берсин демекчимин.

Алымкулов Эмилбек Абдыраимович бул кызматка 2017-жылы 26-январда дайындалган.

Туулган жылы — 1966-жыл

Туулган жери — Нарын районунун Оттук айылы

Улуту — кыргыз

Аскердик чини — запастагы лейтенант

Билими:

- 1988-жылы зооинженер адистиги боюнча жогорку окуу жайын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

- 1988-жылдын 1-августунан 1989-жылдын 2-январына чейин Тянь-Шань районунун «Коммунизм» совхозунда зоотехник;

- 1989-жылдын 2-январынан 1993-жылдын 3-мартына чейин «Коммунизм» совхозунда башкы зоотехник;

- 1993-жылдын 5-мартынан 1994-жылга чейин «Тянь-Шань» заводунда башкы зоотехник;

- 1995-жылдын 3-мартынан 1997-жылдын 30-майына чейин эл аралык «ТАСИС» долбоорунун Нарын облусу боюнча кеңешчиси;

- 1997-жылдын 1-июнунан 1998-жылга чейин швейцариялык «Хельветас» долбоорунун Нарын облусу боюнча башкы кеңешчиси;

- 1998-жылдын 17-апрелинен 2003-жылдын 9-мартына чейин «Тянь-Шань» мамлекеттик заводунун директору;

- 2003-жылдын 20-мартынан 2007-жылдын 30-октябрына чейин Нарын районундагы «Улар» фермердик чарбасынын жетекчиси;

- 2007-жылдын 30-октябрынан 2009-жылдын 7-майына чейин Нарын райондук администрациясынын башчысынын орун басары;

- 2009-жылдын 7-майынан 2010-жылдын 31-мартына чейин Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

- 2010-жылдын 23-апрелинен 2011-жылдын 2-мартына чейин Нарын облусунун губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу;

- 2011-жылдын 2-мартынан 2011-жылдын 31-ноябрына чейин Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары;

- 2011-жылдын 31-ноябрынан 2014-жылдын 11-февралына чейин өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары;

- 2014-жылдын 11-февралынан 2016-жылдын 1-январына чейин «Жогорку Нарын Каскаддар ГЭСи» ЖАКтын аппаратынын жетекчиси;

- 2000-2005-жылдары жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.

Кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6264
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×