Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Чүй

Кара-Балтада жол талашкан айдоочулардын бири экинчисинин башына ок атып, жабырлануучу ооруканага өзү барды

Turmush -  Кара-Балта шаарында жергиликтүү тургундун башына ок аткан адам кармалды. Ал мурда да сот жоопкерчилигине тартылганы маалым болду.

Буга чейин Turmush басылмасы окуя 9-февралда саат 14:30 чамасында Т.Кожомбердиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында болгонун билдирген. Жергиликтүү тургундардын айтымында, башынан жаракат алган киши унаага өзү отуруп, ооруканага жеткен. Ал аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу.

Чүй ОИИБдин билдирүүсү боюнча, 9-февралда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан октон жаракат алган бейтап түшкөнү тууралуу маалымдалган. Жабырлануучунун өздүгү такталып, Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы тургуну Н.Т. экени белгилүү болгон.

Тергөө иштери менен белгилүү болгондой, 9-февралда саат 14:25 чамасында азиат түспөлүндөгү белгисиз адам жабырлануучунун башына травматикалык тапанчадан ок атып, андан кийин ак түстөгү БМВ унаасы менен качып кетүүгө жетишкен. Бул факты боюнча Жайыл РИИБ КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен кылмыш ишин козгогон. Андан көп узабай шектүү катары 25 жаштагы Т.Т. кармалып, далил буюм катары травматикалык тапанча табылган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, шектүү менен жабырлануучунун ортосунда унаа башкарып бара жатканда жол талашуудан улам пикир келишпестиктер жаралган. Учурда шектүү камакта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 780
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×