Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Кышкы Олимпиада: Кыргызстандык лыжачы Тариэл Жаркымбаев 80 спортчунун ичинен 79-орунду алды

Turmush -  Кыргызстандык лыжачы Тариэл Жаркымбаев Кореяда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында 79-орунга ээ болду.

Маалым болгондой, спортчу бүгүн, 13-февралда 1,4 чакырым аралыкка жарышка түшкөн. Мырзалардын жарышынын (спринт) квалификациялык раундуна 80 спортчу катышып, ар бир 15 секунд сайын аралыкка өзүнчө старт менен кетип жатышты.

Т.Жаркымбаев 76-номур менен жарышка түшүп, белгиленген аралыкты 4 мүнөт 5,99 секундда басып өттү. Ал бул жыйынтык менен 79-орунга ээ болуп, турнирдин чейрек финалдык баскычына чыга алган жок.

Спортчу үчүн 2018-жылдагы кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. Ал эми, 18-февраль күнү тоо лыжачы Евгений Тимофеев жарышка түшөт.

Снимок экрана от 2018-02-13 15:41:53

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1371
×