Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусуНарын району 13.02.2018 11:42 Жаңыланды: 30.04.2018 17:41

Жеңеке: Мугалим болуп иштеген 31 жаштагы Гүлзада жайкысын жайлоого чыгып, 9 бээ, 10 уй саайт (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 31 жаштагы Гүлзада Мурзакматова. Ал Нарын районуна караштуу Чет-Нура айылынын келини. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мугалимдик кесиптен сырткары жайкысын жолдошу менен жайлоого чыгып, 9 бээ, 10 уй саайт.

«Мен Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында төрөлүп өскөм. Мектепти аяктагандан кийин Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайда билим алдым. Учурда башталгыч класстарга сабак берем.

2005-жылы 19 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум Капар уулу Уланбек 1987-жылы Нарын районуна караштуу Чет-Нура айылында төрөлгөн. Ал мени бир көрүп эле жактырып калганын айтат. Ата-энеси менен үйгө барып, куда түшүп алып кетишкен», - дейт ал.

Г.Мурзакматова үй-бүлөсү менен жайында жайлоого чыгышат.

«Жайында жолдошум менен Кара-Булак жайлоосуна чыгабыз. Мен 10 уй жана 9 бээ саайм. Мындан сырткары кой сойгонду билем. Кайнатама жардамдашып жатып үйрөнүп алгам. Бир жайда эле келген коноктор үчүн 20дай кой союлат. Азыр кайнатам 86, кайненем 80 жашта. Келечекте 3 кызыма татыктуу тарбия берсек жана уулдуу болсок дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×